АМАНАЛИЕВ Жусупбек
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Жусупбек (1932-ж. т., Нарын
обл., Жумгал р-ну) – педагог, педагогика илимд.
доктору (1992), проф. (1994). КРдин эмг. сиң.
мугалими. Кыргыз мамл. ун-тинин тарых ф-тин
бүтүргөн (1953). 1953-63-ж. Жумгал р-нундагы
Чаек орто мектебинде мугалим, директор, АтБашы р-нундагы балдар үйүнүн директору, партиянын Тянь-Шань обкомунун үгүт-насыят бөлүм
башчысынын орунбасары. 1963-69-ж. КРдин
элге билим берүү министрлигинин мектептер
башкармасында иштеген, 1989-жылдан орус
тили ж-а ад-ты ин-тунда декан, Бишкек гуманитардык ун-тинде проректор. 100дөн ашык ил.
эмгектин автору. «Ардак Белгиси» ордени м-н
сыйланган.