АНТИПИНА Клавдия Ивановна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
Клавдия Ивановна (1903 – 4. 10.

1996, Бишкек) – көркөм өнөр таануучу, тарых илимд. кандидаты, КРдин мамл. сыйл. лауреаты (Кыргыз Совет Энциклопедиясынын ишине активдүү катышкандыгы үчүн). Кыргыз ССРинин мад-тка эмг. сиң. ишмери (1974). 1931-ж. Москва ун-тин антропология адистиги б-ча бүтүргөн. 1937-ж. чейин ВКП(б) БКнын басма үйүндө редактор, күйөөсү репрессияланганга байланыштуу Кырг-нга келип, 1937–46-ж. Фрунзеде (азыркы Бишкек) кечки мектепте мугалим, Агартуу министрлигинин методика кабинетинде, мугалимдердин билимин өркүндөтүү ин-тунда иштеген. 1946–54-ж. СССР ИАнын Кырг-ндагы филиалынын тарых музейинде кенже ил. кызматкер, Кыргыз кыз-келиндер ин-тутунда окутуучу, 1955-жылдан Кырг-н ИАнын Тарых ин-тунда ил. кызматкер болуп иштеген. Ал «Түш. кыргыздарынын материалдык мад-тынын ж-а колдонмо өнөрүнүн өзгөчөлүктөрү» аттуу ил. жактан өтө баалуу монографиянын (кийин ал эмгеги АКШда англис тилинде да чыккан), «Кыргыздын элдик өнөрү» ж. б. эмгектердин автору. О. эле «Дархан, Чычкан айылдарында жашаган колхозчу кыргыздардын үй тиричилиги» деген коллективдүү китепти жазууга катышкан. А. кыргыз колдонмо өнөрүн эң мыкты билген, изилдеген ж-а аны дүйнөгө таанытууга зор салым кошкон.

Ы.	Кадыров.