АНТИНОМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:03, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(анти... ж-а гр. nomos – мыйзам, сөзмө-сөз, мыйзамдагы карама-каршылык) –

ой-пикирдин, ой жорутуунун ортосундагы каршы келүүчүлүк. Ал юрид. мааниге ээ болгон ж-а эки мыйзамдын ортосундагы карама-каршылыкты же өзүнчө мыйзамдын ички карамакаршылыктарын түшүндүрөт. 1-к-да терминди көрсөтүлгөн мааниде Квинтилиан, кийинчерээк – Гермоген, Плутарх, Августин ж. б. колдонушкан. Юстиниандын кодексинде укук «коллизиясы» качан мыйзам өзүнө-өзү карама-каршы чыккан учур А. аталган. Анын филос. мааниси Канттын «Таза акыл сыны» эмгегинде бааланган. Аристотелдин айтуусу б-ча ал дүйнөнү бир бүтүн катары караганда адамдын акыл-эсинде пайда болот. А. ж-дөгү Канттын окуусу диалек. логиканын фундаменталдык өбөлгөсү катары немец классикалык идеализми тарабынан ар тараптуу өнүккөн. Гегелдин диалектикасында А. карама-каршылыктын синтездик түшүнүгү болуп кайра түзүлгөн. Ш. К. Алиева.