АНТИКАЛЫК КӨРКӨМ ИСКУССТВО
байыркы дүйнөнүн көркөм и скусствосу – Жер Ортолук деңизинин ж-а
Жакынкы Азия өлкөлөрүндө (Байыркы Грекия
ж-а эллиндик мамлекеттер, Байыркы Рим республикасы ж-а б. з-дын 1-миң жылдыгынын 1-
жарымындагы Рим империясы) өнүккөн көркөм
.
иск-во. А. к. и. архаика, классика, эллинизм, Рим искусствосу сыяктуу негизги этаптарды басып өткөн. Төртүнчү этап бир нече стадияларга бөлүнөт ж-а респ. Римден баштап, Рим империясынын кризис дооруна чейинки мезгилди өз ичине камтыйт. А. к. и-нун эң жемиштүү учуру ж-а анын негизги тенденцияларына мүнөздүү көрүнүш б. з. ч. 5-6-к-дардагы грек классикасынын мезгили болгон. Кудайлардын ж-а мифол. каармандардын образында грек сүрөтчүлөрү рухий дүйнөсү м-н дене сулуулугу айкалыша өнүккөн кайраттуу адам – атуулдун идеалын чагылдырышкан. Мына ушул эстетикалык идеалдын астында бүткүл көркөм иск-вонун башка түрлөрү өнүккөн. Скульптурада А. к. и-нун сүймөнчүлүктүү образы – кемтиксиз адамды чагылдырган статуянын тиби үстөмдүк кылган; адам денесинин ийкемдүү (пластикалык) көркөмдүгү байыркы скульпторлор тарабынан чоң чеберчиликте берилген. Вазопистин кээ бир түрлөрүн, римдик
мезгилге таандык фреска м-н мозаиканын кээ бир үлгүлөрүн эске албаганда, байыркы живопись дээрлик сакталган эмес. Бирок адабий булактарга караганда ал эллинизм доорунда жогорку деңгээлде өнүккөн. Антикалык драматургия Европадагы ад-ттын драмалык түрүнүн эң алгачкысы болуп, ал өзүнө негизги түрлөрүн – трагедияны ж-а комедияны камтыган. Анын негизинде пайда болгон драмалык поэзиянын антикалык теориясы (Аристотель, Гораций ж. б.) европа драматургиясына чоң таасир тийгизген (Корнель, Расин, Мольер, Гёте, Шиллер ж. б.). Рим империясынын кулашы ж-а кул ээлөөчүлүк түзүлүштүн кыйрашы м-н А. к. и. бүткөн, бирок анын салттары бүткүл дүйнөлүк көркөм мад-тты байытты. Бул айрыкча Каира жаралуу доорундагы көркөм өнөрдө абдан байкалды. А. к. и. Жер Ортолук деңизинин ж-а Жакынкы Азия элдеринин ошол мезгилдеги бүт мад-т тарыхын (дегеле бүткүл тарыхты) өз ичине камтыйт.