АНТИГУА-ГУАТЕМАЛА
– Гватемаладагы
шаар. Сакатепекес депертаментинин адм. борбору. Шаар Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине кирген. Калкы 58 миң (2010). Гватемала
ш-нан 30 км батышта, 1533 м бийиктикте Агуа
өчкөн жанар тоонун (3766 м) этегинде жайгашкан. Автомобиль жолу аркылуу Панамерика
шоссеси м-н байланышат.
1527-ж. негизделген. 1541-ж. жанар тоонун
атылышынан талкаланып, 1542-ж. азыркы ордуна көчүрүлгөн. 17–18-к-да Борб. Америкадагы ири саясий, экон. ж-а маданий борборго (Мехико, Лимадан кийин) айланган. А.-Г. – шаармузей. Өлкөнүн башкы туристтик борборлорунун бири. Эстеликтери: сарай (1549–68), ратуша (1739–43), Сан-Карлос ун-ти, монастырь
ж-а Нуэстра Сеньора де ла Мерсед чиркөөсү
(17-к.), Сантьяго собору (1542), Сан Франсиско
(1690), Ла Кампаньия де Хесус (1698) чиркөөлөрү,
Реаль Кабильдо (1740–43), Корол ж-а Каса де
Чаморро (1702) сарайлары, 18-к-дьш турак-жайлары. Музейлер [Сантьяго, байыркы китептер,
Каса Кохом (Музыка үйү)] бар. Жыл сайын диний фестивалдар өткөрүлөт. Яшма, жыгач, карападан кооз буюмдар жасалат.