АНТЕКЛИЗА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:03, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(анти... ж-а гр. klisis – ийүү) платформадагы жер кыртышын түзүүчү катмарлардын кеңири аянтта узак убакыт бою жогору

көтөрүлүүсүнөн пайда болгон капталдары бир аз эңкейиш тарткан тектоникалык структура. Анын пайда болушу бир нече геол. мезгилге чейин созулат. Көтөрүнкү жериндеги чөкмө тоо тек катмарларынын калыңдыгы жукарып, платформанын фундаменти жер бетине жакын жатат. Мис., Орус платформасындагы Волга - Урал, Воронеж, Белорус А-лары ж. б.