АНТАРКТИКАЛЫК КЛИМАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:03, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– Антарктиданын

ж-а аны чулгаган океан мейкиндиктеринин климаты. Материктин климаты өтө катаалдыгы (кышында абанын темп-расы –60...–70°Сден төмөн болуп, жылына 100 ммден аз жаан-чачын жаайт), аба ырайында антициклондук режимдин үстөмдүк кылышы м-н өзгөчөлөнөт. Жээктеринде жайкы темп-pa 0°Сге чейин жетет. Океан мейкиндигинде атм. басым өтө өзгөрүлмөлүү келип, ургаалдуу циклондук аба агымдары жаанчачын ж-а катуу шамалдарды пайда кылат.