АНТАРКТИКА ЖАРЫМ АРАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:03, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(1961 -ж. чейин сов. ж-а англ. карталарда Грейама жери,

амер. картада Палмера ж. а., чили картасында О’Хиггинс жери, аргентина картасында Сан-Мартин жери аталган) – Антарктида аймагынын бир бөлүгү. Болжол м-н 1200 кжге түндүккө, Түш. Американы карай созулат. Жазылыгы 200 км- дей. Бийикт. 4191 мге чейин. Борб. бөлүгүн мөңгүлүү плато (бийикт. 1500–2000 м) ээлейт. Жээгинин айрым жеринде муз каптабаган тоо массивдери кездешет. А. ж. а-нда антарктидалык ил. станциялардын 1/4 жайгашкан.