АННЕКСИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(лат., annexio – бириктирүү, кошуп

алуу) – агрессиянын бир түрү, башка бир мамлекеттин аймагын же анын бир бөлүгүн күч колдонуу м-н бириктирүү (басып алуу). Учурдагы эл аралык укуктун нормаларына ылайык,
А. мыйзамсыз болуп саналат. БУУнун Уставында
кайсы гана мамлекет болбосун, анын аймактык бүтүндүгүнө ж-а саясий көз каранды эместигине күч колдонуу м-н кийлигишүүсүнө тыюу салынган.