АНЖИЯН КӨТӨРҮЛҮШҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:03, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– Россия падышачылыгынын О. Азиядагы отор саясатына ж-а

феодалдык эзүүсүнө каршы багытталган Фергана өрөөнүндөгү кыргыз, өзбек калкынын улуттук-боштондук кыймылы (1898). Көтөрүлүштүн чыгышына орус падышалыгынын орусташтыруу саясатынын күчөшү, өкмөт салыгынын оордугу, кыргыз-өзбек дыйкандарынын кунардуу жерлерин оторчулардын тартып алышы, о. эле негизги себептеринин бири – Фергана обл-нун башкы байлыгы – пахта буласы адилетсиз арзан алынып, Россияга ташылып турушунан улам элдин турмушунун өтө жакырдануусу болгон. Миссионерлер болсо жерг. элдерди христиан динин кабыл алдырууга далалат кылышкан. Көпчүлүк эл булардын баарына каршылык көрсөтө баштайт. Элдин наарызылыгын кээ бир белгилүү феодалдар, мусулман дин башчылары дин үчүн согуш ачууга пайдаланып («газават»), Анжиян, Ош, Маргалаң, Наманган ш-нда көтөрүлүш чыгаруу м-н Кокон хандыгын кайра калыбына келтирүүнү көздөшкөн. Кыймылдын демилгечилери негизинен Көгарт өрөөнүндөгү Чыйбыл болуш баштаган кыргыздар болгон. Алар 1895-ж. алгачкы жыйын уюштуруп, көтөрүлүшкө жетекчилик кылууну кырк беш жаштагы Мухаммед-Али Халиф Мухаммед-Сабыр Суфиев – Мадали («Ийикчи») эшенге сунуш кылышат. Ал Фергана өрөөнүнө кеңири таанымал, 1887-ж. Мекеге барып ажы болуп келген эшен эле. Мадали эшен бир нече жолу өткөрүлгөн жыйындан кийин (1897) макулдугун берет да, көтөрүлүшкө даярдыктар башталган. 1898-ж. 17-май күнү кечинде Миң-Дөбөгө (Араван р-ну м-н Өзбекстандын чегиндеги кыштак) кыргыз, өзбек ж-а кыпчактардан 2000 чамалуу адам чогулуп, алар Мадали ж-а дөөлөс уруусунан чыккан молдо кыргыз Зиябидин Максымдын жетекчилиги м-н 2 ротадан турган Анжиян гарнизонуна кол салат. Падыша аскерлери бир аз гана жоготууга учурап (22 киши өлүп, 24 киши жарадар болгон), көтөрүлүш ырайымсыздык м-н басылган. Айрым маалыматтар б-ча Зиябидин Максым Анжиянга кол салуу учурунда каза болгон. Ал эми Мадали эшен 19-майда колго түшкөн. Көтөрүлүшчүлөрдөн 417 киши (соттолгондордун ичинде: кыргыздардан – 257, өзбектерден – 112, түрктөрдөн – 20, уйгурлардан – 17, кыпчактардан – 3, тажиктерден – 5, каракалпактан – 1) соттолуп, Сибирге айдалган. Мадали баш болгон 22 киши дарга асылган. Оморбек датка, Чыйбыл болушка алгач өлүм жазасы өкүм кылынып, кийин бул жаза сүргүнгө айдоо м-н алмаштырылган. Миң-Дөбө болуштугуна караштуу Кашкар, Кутчу кыш-ньш калкы башка жактарга айдалып жиберилген. Көтөрүлүштүн борбору болгон Миң-Дөбө кыштагы, о. эле Тажик, Дөң-Кыштак айылдары жер м-н жексен кылынып, ал жерге орус дыйкандары көчүрүлүп келип, отурукташтырылып, Мархамат аттуу орус кыштагы пайда болгон. Мадали дарга асылгандан кийин да көтөрүлүш токтолбостон, Фергана өрөөнүнө жайылган. Көтөрүлүшкө Ош, Анжиян, Маргалаң, Наманган уезддеринин калкы жигердүү катышкан. Суусамыр болуштугундагы Кетмен-Төбө өрөөнүндө да А. к-нө кошулууну көздөшүп, эл чогула баштаган. Алардын башында Шадыбек Шергазы уулу турган. Буларга каршы жөнөтүлгөн жүздөн ашуун куралдуу аскерлерден турган кошуун Шадыбек баштаган 50дөн ашуун адамды туткундап, Наманганга айдап келишкен. Шадыбек Шергазы уулу өмүр бою сүргүнгө айдалган. Булардан тышкары 54 адам жети жылга айдалган. Алардын ичинде душмандарынын жалаасы м-н кармалган Токтогул Сатылганов да болгон. А. к-нүн ырайымсыз басылышы Кырг-дын түштүгүндө ж-а О. Азиядагы улуттук-боштондук күрөшүнүн күчөшүнө түрткү берген.

Т. Кененсариев.