АНДОРРА-ЛА-ВЕЛЬЯ
12:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Андорра мамлекетинин
борбор шаары. Валира д-нын боюнда, деңиз деңг.
1070 м бийиктикте (Европадагы эң бийик жайгашкан шаар). Калкы 21,9 миң
(2009). Шаардын агломерациясы Андорра-ЛесЭскальдесте өлкөнүн калкынын 1/2 бөлүгү жашайт. Тамеки ф-касы; сувенир, сыр жасоочу,
жүн жип ийрүү ишканалары, муз. академия,
театр ж. б. бар. Кустардык кол өнөрчүлүк (жыгачка ж-а ташка оймо-чийме түшүрүү) өнүккөн.
к-дын башында негизделген. Ыйык Арменголь
чиркөөсү (11–12-к.), өкмөттүн резиденциясы
«Дом долин» (16-к.; азыр сүрөт ж-а тарых музейи) сакталган.