АНДЕРСЕН Ханс Кристиан

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
Ханс Кристиан (2. 4. 1805, Оденсе -

4. 8. 1875, Копенгаген) – дания жазуучусу. Өтүкчүнүн үй-бүлөсүндө туулган. Копенгаген унтинде окуган. «Өлүм алдындагы бала» ыры (1826-27), «Амагердеги сейилдикке чыгуу» романтикалык фантазиялуу очерки (1929) м-н таанылган. «Мулат» драмасында (1839), «Эки баронесса» романында (1849) феод. доор сынга алынган. О. эле «Импровизатор» (1835) ж-а «Жөнөкөй скрипач» (1937) романдарында

АНДЕРСЕН 83.png

исквонун коомдогу ролу, акын м-н айлана-чөйрөнүн ортосундагы конфликт көрсөтүлөт. А-дин 1930-40-жылдардагы элдик оозеки чыгармалардын мотивинде жазылган жомокторунда адамдар ортосундагы мамилелер м-н жаратылыштын сулуулугу сүрөттөлөт, адилеттүүлүк даңазаланат.
160тан ашуун жомок жазып, алар дүйнө элине тараган. Анын «Булбул», «Көлөкө» ж. б. жомоктору кыргыз тилине которулуп (1938-39), кийин өзүнчө жыйнак болуп чыккан (1959).