АНГЛИКАН ЧИРКӨӨСҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– 16-к -да пайда болгон протестанттык чиркөө; Улуу Британиядагы мамл. чиркөө. Чиркөөнүн пайда болушуна

Рим папасы Климент VII ж-а англия королу Генрих VШнин ортосундагы келишпестиктер негизги себеп болгон. 1527-ж. Генрихтин чиркөөдөн бөлүнүү тууралуу сунушун Рим папасы четке каккан соң, ага жооп иретинде Англия чиркөөсүнүн Римге баш ийбөөсү тууралуу жарыялаган. Ошол күндөн баштап А. ч-нүн башчысы катары англия монархы эсептелет. Бирок негизинен монарх тарабынан дайындалган жогорку иерарх-архиепископ Кентерберийский иш жүргүзөт. Протестантизм дин башка багыттарына караганда А. ч-нүн ырым-жырымдары ж-а окуусу католиктик чиркөөгө өтө жакын. Бри- тан Шериктештигине кирген өлкөлөрдө да А. ч. бар. Алар Улуу Британиянын А. ч-нө баш ийбегенине карабастан, 10 жылда бир жолу чиркөө башчылары конференцияга чогулушат. А. ч-нүн жактоочулары «жогорку чиркөө», «төмөнкү чиркөө», «кең чиркөө» болуп бөлүнүшөт. «Жогорку чиркөөнүн» өкүлдөрү Католик чиркөөсүнүн, «төмөнкү чиркөө» протестантизмдин, «кең чиркөө» болсо эки тараптын тең кызыкчылыгын көздөгөн диний жөрөлгөлдөрдү аткарат. Учурда дүйнө жүзүндө 58 млн англиканчылар бар.