АНАНЬЕВ Николай Яковлевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:02, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Николай Яковлевич [19. 11. 1912,

Ысык-Көл обл., Сазановка кыштагы (азыркы Ананьев) – 16. 11. 1941, Волокаламск р-ну, Нелидов кыштагы] – Сов. Союз. Баатыры (1942). 1941-ж. Советтик Армиянын катарына чакырылганга чейин, Ысык-Көл р-нундагы Сазановка кышнда колхозчу болуп иштеген. Фронтто А. 316-аткычтар дивизиясынын 1075-аткычтар полкунда кызмат кылган. Полк Москваны немецтик-фашисттик баскынчылардан баатырдык м-н коргоого катышкан.
1941-ж. 16-ноябрда душман Москваны көздөй чабуулга өткөндө, Волоколамск шоссеси багытындагы Дубосеково темиржол разъездин коргоочулардын ичинде атактуу 28 панфиловчунун катарында эрдик көрсөтүп,

АНАНЬЕВ 2 68.png

курман болгон. А. туулган жер азыр Ананьев кыш. деп аталат.