АНАЛОГИЯ
Jump to navigation
Jump to search
(гр. analogia – окшоштук) – нерселердин ж-а кубулуштардын ортосундагы айрым
окшоштуктар. Ил. ачылыштарда А. маанилүү
ролго ээ. Философияда заттардын (кубулуштардын ж-а процесстердин) кандайдыр бир касиеттериндеги окшоштук. Логикада анын жардамы
м-н эки заттын айрым касиеттери окшош болсо, башка касиеттеринин да окшоштугу ж-дө
корутунду чыгарылат, корутундунун тууралыгын же натууралыгын билүү үчүн аны тажрыйбада текшерип сынап көрүү керек. Илимге бул
түшүнүктү Аристотель киргизген. Р. Оуэн анын
функциялык окшош катарын аныктаган.
Ш. К. Алиева.