АММОНИЙЛЕШТИРИЛГЕН СУПЕРФОСФАТ
12:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
,
(CaHP04+NH4H2P04) – курамында фосфор ж-а
азоту бар татаал минералдык жер семирткич.
Жөнөкөй суперфосфатты суусуз аммиактын
эритмесине, аммиакка же аммиакаттарга каныктыруу жолу м-н алынат. Анда 14% фосфор,
2% азот болот. Сууда жакшы эрийт. Аралаш
ж-а татаал жер семирткич алууда жакшы компонент. Кырг-н дыйканчылык ил.-из. ин-тунун
сугат жерде жүргүзгөн көп жылдык тажрыйбасы башка фосфор жер семирткичке Караганда
аны пайдаланганда кызылча, пахта, жүгөрү,
картошка ж. б. тех. өсүмдүктөрдөн мол түшүм
алынаарын көрсөттү.