АМИН СПИРТТЕРИ
12:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
амин алкоголдор у – молекуласында амин ж-а гидрооксид топтору бар бирикмелер. Амин ж-а гидрооксид
топторунун молекулада жайгашышына жараша а-, Р-, у – ж. б. болуп бөлүнөт. Аминдер сыяктуу эле биринчилик, экинчилик ж-а үчүнчүлүк амин топтору болот. Алар жогорку темп-рада кайноочу негиздик касиетке ээ, аммиак жыттанган, сууда эрүүчү, май сымал суюктуктар. Олефиндердин а-оксидцеринин аммиакты же биринчи-лик ж-а экинчилик аминдерди кошуп алуусунан, нитроспирттердин нитротопторун калыбына келтирүүдөн ж. б. жолдор м-н алынат. Мо-лекуласында гидрооксид ж-а аминтоптору болгондуктан алар спирттер м-н аминдердин хим. касиеттерине окшош болот. Практикада эң маанилүүсү –этаноламиндер. Алар С02ни өзүнө жеңил сиңирүүгө жөндөмдүү болгондуктан, газ тазалоодо, кездеме өнөр жайында ж-а кир жуугуч заттарды даярдоодо колдонулат.