АМЕРИКА КИНОИСКУССТВО АКАДЕМИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 коммерциялык эмес уюм. 1927-жылдын

май айында негизделген. Анда академиянын 36 гана мүчөсү болсо, азыркы учурда анын мүчөлөрү миңдеп саналат. А. к. а. негизделгенде анын актёрлор, режиссёрлор, продюссерлер, кинотехниктер, сценарийчилер гильдиясы (бирикмеси) болгон. Академияны төрт жылга шайланган президент башкарат. А. к. а. – АКШнын улуттук киноиск-восунун өсүшүнө гана эмес, жалпы дүйнөлүк кинонун өнүгүшүнө таасир эткен абройлуу уюм. 1929-жылдан бери академия уюштурган *Оскар» киносыйлыгы жыл сайын кинонун ар кыл тармактарындагы эң мыкты жетишкендиктери үчүн жыйырмадан ашуун номинация (аталыш) б-ча ыйгарылат. Сыйлыктын символу – бийиктиги 26,3 см, оордугу 3,85 кг статуэтка. Статуэтканын авторлору - коюучу сүрөтчү Седрик Гиббонс ж-а айкелчи Жордж Стэнли. А. к. а-нын туңгуч «Оскары» 1929-жылдын 16-майында Уильям Уэлмандын «Канаттар» фильмине ыйгарылган, ал эми Чарли Чаплин «Цирк» фильми үчүн ушул сыйлыкка арзыган. А. Пазылов.