АЛЬПИНИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 – тоо чокусуна чыгууга негизделген спорт түрү. Батыш Европадагы Альп тоо системасынын аталышынан келип чыккан. А. -

тоо чокусуна чыгууда рельефтик ж-а климаттык тоскоолдуктарды атайын тех. ыкмалардын жардамы м-н жеңүү. Мындай тоскоолдуктарга аска, мөңгү, муз ж-а кар жантаймалары, чокунун абс. бийиктиги, өтө сууктугу, шамал, жаап турган кар ж. б. кирет. Спорттук мелдештин

Table 1: 8000 лсдик чокуларга чыккан алгачкы альпинисттер


Чокулар
Бийикт.,
м
Жайгашкан
жери
Альпинисттер Экспедицияныуюштурган өлкө Дата
1 2 3 4 5 6
Эверест 8848 Непал Э. Хиллари, Н. Тенсинг Улуу Британия 29.5.1953
Чогори (К-2) 8611 Пакистан JI. Лачеделли, А. Компаньони Италия 31.7.1954
Канченжанга 8586 ИндияНепал Дж. Бенд, Н. Харди, Д. Браун, Т. Стритер Улуу Британия 25.5.1955
Лхоцзе 8516 Непал Э. Райс, Ф. Лухзингер Швейцария 18.5.1956
Макалу 8463 Непал Ж. Бувве, JI. Террей, Г. Маньон,Ж. Кузи, П. Леру, С. Купе, Ж.Франко, А. Виалат, Н. Гиальсен Франция 17.5.1955
Чо-Ою 8201 Непал Г. Тихи, 3. Иохлер, Пасанг ДаваЛама Австрия 19.10.1954
Дхаулагари 8167 Непал А. Шельберг, Э. Форрер, К. Дим-бергер, Ньима Дорье, НавангДорье, П. Диннер, М. Воше, X.Вебер Швейцария 13.5.1960
Манаслу 8163 Непал Т. Иманиши, Гиальсен Q, М. Хи-гета, К. Като Япония 9.5.1956
Нангапарбат 8125 Пакистан Г. Буль Австрия 3.6.1953
Аннапура 8091 Непал М. Эрцог, Л. Лашеналь Франция 3.6.1950
Хидден-Пик
(Гашербрум I)
8068 Пакистан П. Шенинг, Э. Кауфман АКШ 5.7.1958
Броуд-Пик 8047 Непал М. Шмук, К. Димбергер, Г. Буль,Ф. Винтерштеллер Австрия 9.6.1957
Гашербрум II 8035 Пакистан Ф. Мрравец, Г. Вилленпарт, 3. Ларх Австрия 7.7.1956
Шишабангма 8013 Кытай Хсу Чинг Кытай 02/05/64


АЛЬПИНИЗМ 23.png

объектиси – чокунун бийиктиги, тех. татаалдыгы, маршруттун мүнөзү. А. 3 багытта (үйрөнчүк, спорттук ж-а колдонмо) өөрчүйт. Альпинист жакшы физ. даярдыкта болуп, мелдеште табият тоскоолдуктары (тоо, бийиктик, аба ырайы) м-н күрөшөт. А. шаймандары эки топко бөлүнөт: 1) жеке колдонулуучу шаймандар: күндөн коргоочу көз айнек, топу, күрмө, колгап, кап жууркан, ийин баштык, чылбыр жип, коопсуздукту камсыз кылуучу кур, муз-таш чапкыч, балка, айсбайль, темир туяк; 2) топтук шаймандар: жоон аркан, ичке аркан, чатыр, илгич темир (карабин), таш, муз чукулдугу, кыскычтар, тепкичтер (шатылар), примус, радиостанция ж. б. 1786-ж. фр. Ж. Бальмер ж-а М. Г. Паккар Батыш Европанын Монблан чокусуна чыккандан баштап А. өнүгө баштаган. Альп тоолорун изилдөө үчүн 19-к-дын орто ченинде Англияда (1857), Италияда (1862), Швейцарияда (1863), Францияда (1874) альпинисттик клубдар ачылган. Алгач 8000 ждик Гималай тоосундагы Аннапура чокусуна фр. альпинисттер М. Эрцог ж-а Л. Лашеналь чыккан (1950). Альпинисттик Ассоциациялардын эл аралык союзу 1932-ж. негизделген. Кырг-нда А. мектеби 1936-ж. Жети-Өгүздө уюшулуп, ошол эле жылы альпинисттер 1-жолу Ала-Арча капчыгайындагы Комсомолец чокусуна (4140 м) чыгышкан. Кырг-ндын көрүнүктүү альпинисттери В. М. Рацек, Б. Р. Маречек, К. Байгазинов, А. Чойбеков, А. Мендикулов, А. И. Бондаренко ж. б. Кырг-нда биринчи болуп А. б-ча спорт чебери наамын 1940-ж. В. Рацек алган. Кырг-нда эл аралык мелдештер дайыма өткөрүлөт. Аларга жаш альпинисттердин эл аралык Май альпиниадасы, Кантоого (Кантеңириге) ылдамдык м-н жалгыз чыгуу б-ча эл аралык мелдеш, улуттук А. федерацияларынын Президенттери үчүн Түндүк Эңилчек мөңгүсүнө (5000 м бийиктикке) чыгуу мелдеши кирет. 1995-ж. Ак-Суу, Чоң
Алайдагы альп лагерлерге чет өлкөлөрдөн 642 альпинист келип, бийиктиктерди багындырган.