АЛЬДЕГИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– орг. радикал (R) ж-a суутек

атому м-н байланышкан карбонил тобу >С=0 бар орг. бирикмелер классы. А-дин эң жөнөкөй өкүлү – формальдегид (кумурска альдегиди). Алардын мол. массасынын көбөйүшү м-н сууда эригичтиги азаят. Окистенүү даражасы б-ча спирттер м-н карбон к-таларынын ортосун ээлейт. А-ди окистендиргенде молекуласындагы көмүртектин санына жаратпа орг. к-талар пайда болот. Өзүнө таандык к-танын атына уйкаш аталат, мис., кумурска к-тасына кумурска альдегиди (формальдегид), уксус к-тасына уксус альдегиди (ацетальдегид) ж. б. Алар хим. реакцияга өтө жөндөмдүү. Спирттер м-н кошулуп ацеталдарды, гидроксиламиндер м-н оксимди, гидразин м-н гидразондорду, биринчилик аминдер м-н азометиндерди (RCH=N – R) пайда кылат. Өнөр жайда СН20 ж-а NH3toh гексаметилтетрамин (уротропин) алынат. А. спирттерди, метил тобу бар ароматтык углеводородцорду, алкендерди кычкылдандыруу, катализатордун катышуусунда ацетиленге сууну кошуу ж. б. жолдор м-н алынат. А. спирттерди, карбон к-таларын, полимерлерди, антиоксиданттарды, дары-дармектерди, ароматтык заттарды, синтездик боёкторду ж. б. алууда колдонулат.
С. Адылов.