АЛТАЙ КОРУГУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:59, 4 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
– Алтай Респ-ндагы мамл.

табият паркы. Аянты 8,8 миң км2. Чулышман д-нын оң жээгинде, Төлөс көлүнөн чыгыш тарапта деңиз деңг. 1000–1200 м бийиктикте, эң бийик жери 3000 мден ашык. Түш. Сибирдин тайгасын ж-а бийик тоо тундрасын коргоо максатында 1932-ж. уюшулган. Коруктун аймагынын 20%тейин аска-зоокалар, корум-шагыл-таштар, 45% тен ашык аянтын токой ээлейт. Токоюнда көк карагай, бал карагай, кара карагай, кызыл карагай үстөмдүк кылат. Бийиктик алкактуулугунда талаа, субальп ж-а альп шалбаасы, тоо тундра зоналары өзгөчөлөнүп турат. Марал, багыш, тоо эчки, кабарга, кундуз (киш), күрөң аюу, сейрек кездешүүчүлөрдөн илбирс (РФнын Кызыл китебине кирген) мекендейт. А. к. Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине катталган.