АБШЫР ФОСФОР КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:12, 25 Апрель (Чын куран) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Ош обл-нун Ноокат р-нунда, Абшыр суусунун сол жээгинде, автомобиль жолунан 300–500 м батышта, деңиз деңг. 2050-2200 м бийиктикте. 1973-85-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кембрийдин акиташ ж-а доломит тектеринин фосфориттүү горизонтунда фосфорлуу беш катмар бар. Келечектүү №1 кен катмарынын уз. 100 м, калыңдыгы 15–20 м. Мьшда фосфор ангридинин өлчөмү 9%. Пайдалуу компонентти ажыратып алуу технологиясы изилденген эмес. №1 кен катмарынын ачык казып алууга мүмкүн болгон болжолдуу ресурсу 150 миң т