АЙДАРКЕН ӨРӨӨНҮ
Jump to navigation
Jump to search
Х а й д а р к е н ө р ө ө н ү Түш. Теңир‑Тоодо; Сох суусунун алабында, Курук‑Сай – Кулдук‑Тоо ж‑а Катыраң‑Тоонун аралыгында 80 кмге созулуп жатат. Туурасы 10 км; деңиз деңг. бийикт. 1208–3000 м. Баш жагы Алаудин ж‑а Таркол өрөөндөрүнөн турат. Too капталдары жайпагыраак, байыркы мореналар, тепши сымал өрөөндөр бар; төмөн жагы жайпак. Өрөөнгө тайпак жондор, түздүктөр мүнөздүү. Фундаменти палеозойдун чөкмө тектеринен туруп, айрым жерлерде жер бетине чыгып жатат. Палеоген‑неогендин конгломерат, кумдук тектери неотектоникалык бүктөлүүгө дуушарланып, өрөөндүн чет жакаларында майда адырларды пайда кылат. Төртүнчүлүк мезгилинин борпоң чөкмөлөрү палеозойдун фундаментин жаап жатат. Климаты континенттик. Январдын орт. темп‑расы –6,4...–10°С, июлдуку 19–22°Сге чейин. Жылдык жаан‑чачыны 300–480 мм. Суулары: Сох, Таркол, Алаудин ж. б. Тоонун бозомук күрөң ж‑а каралжын күрөң топурактары басымдуу. Өсүмдүктөрүнөн бетеге, шыбак, доңуз сырты, жалбыз, өлөң, арча, төө куйрук, түркстан чиеси, табылгы ж. б. өсөт. А. ө. аркылуу Ош - Лейлек, Баткен – Палал ж‑а Сох – Риштан автомобиль жолдору өтөт.