АЙДОО АЯНТЫНЫН СТРУКТУРАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:41, 25 Апрель (Чын куран) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – жалпы айдоо аянтында ар бир а. ч. өсүмдүгүнө туура келүүчү жер өлчөмүн көрсөтүүчү бирдик. Ал а. ч. өндүрүшүнүн өнүгүү деңгээлин, адистешти­рилишин билдирүүчү көрсөткүчтөрдүн бири. Район, чарба б‑ча которуштуруп айдоо жерге ж‑а топурактын ар түрдүүлүгүнө жараша бөлүнөт. Ал туура белгиленсе, жерди үнөмдүү пай­даланууга шарт түзүлөт. А. а. с‑нын башкы милдети – айдоо бирдигинен ж‑а которуштуруп айдоо аянтынан көп түшүм алуу. Айдоо струк­турасы ар бир региондун климаттык шартына, жер кыртышынын өзгөчөлүгүнө, чарбанын эко­номикасына ж‑а техника м‑н камсыз болу­шуна жараша түзүлүп, ил. жактан негизделип, А. а. с. которуштуруп айдоонун негизин түзөт. Сугат жерди дыйканчылык шартында которуштуруп айдоодо чарба жерин туура уюштуруу ж‑а рационалдуу айдоо структурасы (ар бир зонанын топурагына жараша) камсыз болушу керек. Бул сугат жерди натыйжалуу пай­даланууга, механикалаштыруунун негизинде эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк берет.