«АЗАТТЫК» радиосу
– эл аралык көз карандысыз ра диостанция; «Эркин Европа/Азаттык» радиосу нун (Radio Free Europe/Radio Libtrty Inc) Кыр
гыз уктуруу кызматынын расмий аталышы. Чехиянын борбору Прагада жайгашкан. 1949‑ж. мурдагы коммунисттик Чыгыш Европада жашаган калктар үчүн «Эркин Европа» радиосу түзүлгөн. 1953‑жылдан тартып мурдагы СССРде жашаган элдер үчүн «А.» радиосу ачылган. Бул эки компания 1975‑ж. бириккен. «Эркин Евро па/Азаттык» радиосу учурда дүйнөгө 26 тилдеги берүүлөрдү уктурат. Ал АКШнын Конгресси тарабынан каржыланат. «Азаттыктын» «Түркстан редакциясынын» курамындагы кыргызча берүүлөрдү биринчи жолу Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) даярдаган. Ал өзүнүн туңгуч берүүсүн 1953‑ж. 18‑мартта Германиянын
Мюнхен ш‑нда обого чыгарган.
1967‑ж. «Түркстан редакциясы» экиге бөлүнүп, анын бирөө «Түштүк Түркстан» деп ата лып, өзбек, тажик, түркмөн тилдеринде, экин
чиси «Түндүк Түркстан» редакциясы болуп, ал кабарларды кыргыз, казак, уйгур тилдеринде уктурган. 1975‑ж. аталган редакциялар өзөзүнчө бөлүнүп, Кыргыз кызматын (азыркы «Азаттык») Т. Жакып уулу (1975‑84), А. Алтай (1984‑88), А. Өзгөн (1989‑95), М. Газы (1995) ж‑а амер. түрколог, доктор Чарльз Карлсон (1996‑2002), кийин Н. Айып башкарып келсе, 2003‑жылдын 1‑январынан тарых илимд. док тору, проф. Т. Чоротегин жетектейт. «А‑тын» Бишкектеги бюросун Т. Чоротегин (1991‑95 ж‑а 1996‑98), Э. Нурушев (1995), С. Жигитов (1995‑96), К. Молдокасымов (1998‑2005), учур да К. Оторбаев жетектейт. Мурда Кырг‑ндагы бөлүмү катары КРдин Юстиция министрлигинен каттоодон өтпөй иштеп келсе, 2005‑жылдын 31‑мартында юрид. жактан катталган. Анын Кырг‑нда кырктан ашуун кабарчысы бар. Ар күнкү беш сааттык, б.а. эртең мененки эки сааттык ж‑а кечки үч сааттык берүүсүндө дүйнөдөгү ж‑а Кырг‑ндагы кызыктуу адабий жаңылыктарга, коомдук‑саясий окуяларга арналган программалары уктурулат. О. эле Кыргыз улуттук телерадиокомпаниясы (КТР) м‑н тү зүлгөн келишимдин негизинде 2005‑жылдан «Ыңгайсыз суроолор», 2006‑жылдан жаштарга арналган «Азаттык Плюс» жумалык телекөрсөтүүлөрүн тартуулайт.
Т. Чоротегин, Т. Ишемкулов.