АЖЫКЕ АНГИДРИТ КЕНИ
Jump to navigation
Jump to search
Ош обл‑нун Кара-Кулжа р‑нунда, Кара‑Кулжа кыш‑нан 25 км аралыкта, Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталындагы Тар суусунун алабында, деңиз деңг. 2020–2179 м бийиктикте жайгашкан. 1986‑ж. геол. чалгындоо иштери аткарылган. Кен аймагын бор, палеоген‑неоген мезгилдеринде пайда болгон чөкмө тектер түзөт. Кендүү катмар бор мезгилинде пайда болгон акиташ тектеринин арасында жайгашкан. Ангидрит катмарынын уз. 1,5 км, калыңдыгы 10 м. Таштын өңү күрөң, ачык боз, көгүш боз. Кенден блок алуу мүмкүнчүлүгү 50%ке жетет. 1 м3 блоктон 14–20 такта алынат. Ангидрит имараттын ички дубалын каптап кооздоого ж‑а кооз буюмдарды жасоого жарамдуу. Запасы C1+C1 категориясы б‑ча 1857,4 миң м3.