АК-ДӨБӨ II ШААР КАЛДЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
22:14, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – о. кылымга (6–14‑к.) таандык археол. эстелик. Талас ш‑нын чыгыш тарабындагы Көгой айылынын түш.­чыгышында жайгашкан. Талас суусу шаарды экиге бөлүп турат. Жалпы аянты 15 км2 келген кол өнөрчүлүк, соода, дыйканчылык өнүккөн шаар болгон. Жазма булактарга караганда о. кылымдарда ал Текабкат деп аталган. Шаар калдыгын П. Н. Кожемяко 1956–60‑ж. казып изилдеген. Сепилинин (цитаделинин) түбүнүн аянты 50x55 м, бийикт. 9 м. Шаардын борб. бөлүгү (түн. тарабындагы Кулан‑Корук деп атал­ган чептен) чоподон бышырылып жасалган түтүктөр аркылуу суу м‑н камсыз болуп турган. Археол. казууда сапаттуу жасалган чопо идиш­тер табылган. Айрымдары минералдык боёктор, айнек сымал сыр (глазурь) м‑н сырдалган. Шаар ичиндеги чептерди казууда арх‑ралык курулуш­тун мыкты үлгүлөрү ачылган. Айрыкча үйдүн ички дубалындагы шыптагы оюу археологдор­дун көңүлүн бурган. 13–14‑к‑дарда шаардын жа­шоосу уланган. Бүгүнкү күндө сепил (цитадель) ордунда азыркы мүрзө жайгашкандыктан ар­хеол. эстеликтин бузулуу коркунучу бар.
К. Табалдиев.