АЙЫЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 элеттеги коомдук, социал., аймактык бирикменин түрү. Ал туугандыгы жакын, бир урукка кирген 10–40 түтүндөн турган. А‑га бир же бир нече атанын балдары кирип, түпкү атала­рынын аты м‑н аталган. Анын жайыты, кыш­тоосу, мүрзөсү бир болуп, конуп‑көчкөндө айыл­дагылар чогуу болушкан. Мындай жайгашуу согуштук‑саясий кырдаалга жараша болгон. Кооптуу мезгилдерде жакын‑жакын жайгашып, капыстан боло турган кол салуучуларга тез жыйылып, сокку бергенге ылайыкташтырыл­ган. Тынчтык мезгилде бир нече чакырым суу бойлой жайгашкан. А‑дын башкаруу бийлиги бир нече баскычты басып өткөн.
АЙЫЛ 19.png

Адегенде А. бир гана уруктун түтүндөрүнөн тургандыктан, жогорку бийлик А. аксакалынын колунда бо­луп, А. ичиндеги бардык маселелерди чечкен. Кийинчерээк А‑га чоочун, башка уруктун мүчө­лөрү кошула баштагандан кийин бийликти бай, оокаттуу бүлөлөр ээлей баштаган. Бара‑бара A‑да өзгөрүүлөр күч алып, көчмөн шартта жа­ралган көп салттар бузула баштаган. Совет бий­лигинин мезгилинде Кырг‑ндагы көчмөн А‑дар кыштактарга ж‑a колхоздорго биригип, 20‑к‑дын 40‑жылдарынын башында толугу м‑н отурук­ташкан. Учурда А‑дар туруктуу отурукташкан конушка айланып, расмий аймактык башкаруу бирдигин билдирет. А‑дарды башкарууну айыл өкмөттөрү ишке ашырат.

                                                                                                                                                                                 А. Көчкүнов.