АЙТ
17:01, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
мусулмандардын эң кадырлуу майрамы: О р о з о А. – рамазан айында мусулмандык парз – отуз күндүк орозо тутуу аяктаган соң, орозонун урматына майрамдалат. Орозо А‑ты ид ал‑Фитр (ар.), рамазан‑байрам (татарча), шекер‑байрамы (түркчө) деп да аташат. А. алдында ай башы (арапа, четтик) күнү эртеси майрамдала турган А‑ка даярдык көрүлүп, «жыт чыгарышат». Кыргыздар боорсок бышырып, айрымдары мал союп, камынышат. Эртеси мусулмандар таң эртеңден жакын жердеги мечиттерге (Бишкекте аянтка) чогулуп, салтанаттуу «Айт намазы» окулат. Намаз окулуп бүткөндөн кийин А. майрамы башталат. Мусулмандар: «Орозоңуз кабыл болсун, айтыңыз маарек болсун!» – деп, бири‑бирин куттукташат. Ал күнү ар бир үйдө дүр‑дүйүм тамак‑аш коюлган дасторкон жайылып, үй ээлери А‑тап келгендерди жылуу маанайда тосушат. Келгендер ал үйдүн көзү өткөн жакындарына, ата‑бабаларынын арбагына багыштап куран окушуп, үй ээлерине жакшылык тилеп кетишет. Орозо А. 3—4 күнгө созулуп, бей‑бечараларга битир, садага беришет. Бул майрам «кичи» майрам деп аталганына карабастан, эл ичинде өтө ардакталып, зор салтанат м‑н майрамдалат. 2) К у р м а н А.— мусулмандардын өзгөчө маанилүү майрамдарынын бири. Орозо А‑тан 70 күн өткөндөн кийин 3–4 күн майрамдалат. Курман А. – ид ал‑Адха, ид ал‑курбан (ар.), курбан байрам (татарча) деп да аталат. Курман А. күнү Мекеге ажылыкка баргандар Мина өрөөнүндө Ибрагим пайгамбардын курмандыгын эскерүү иретинде курмандыкка чалуу расмисин (ажылыктын акыркы күнү) аткарышат. Аны ажылыкка баргандар гана эмес, о. эле колунда бар ар бир мусулман бул күнү бир жандыкты курмандыкка чалуусу (бир киши 1 кой, бир нече киши бир бодо же төө ж. б.) керек деп эсептелет. Курмандыкка чалына турган мал кемтиксиз болуусу абзел. Мал союп жаткан адам кыбыланы карап: такбир (3 ирет), басмалу, кайрадан такбир (3 ирет), салат ала‑н‑наби деген сөздөрдү айтып, Алладан курмандыкты кабыл алуусун суранат. Союлган мал этинин үчтөн бири майрамдык тамак‑аш даярдоого жумшалып, калганы таркатылат. Курман А. күнү атайын майрамдык куран окулат .
А. Кубатова.