АККРЕЦИЯ
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
(лат. accretio – кеңейүү) – гравитациялык күчтөрдүн таасиринен заттардын гравитациялык тартылышы ж‑а андан ары космос нерсесине түшүшү. А. учурунда гравитациялык жогорку өлчөмдөгү энергия бөлүнүп чыгып, андагы газдар эң жогорку темп‑рага жетет да, рентген нурлануулары пайда болот. Азыркы мезгилде Кундө 500дөн ашык рентген нурланууларынын булактары белгилүү.