АККОМПАНЕМЕНТ
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
(фр. accompagnement – коштоо) – муз. коштоо. А‑тин эки түрү бар: солистти, аспапчыны же аткаруучулардын тобун (ансамбль, хор) муз. жекече аспап (рояль, баян, гитара, комуз ж. б.) же бир нече аспап (ансамбль, оркестр) м‑н коштоо. Кээде ырчыны хор да коштойт. А. ырчыга, аспапчыга гармоникалык ж‑а ритмикалык жөлөк болуп, чыгарманын мазмунун, көркөмдүгүн терендетет.