АККОМОДАЦИЯ
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
(лат. akcomodatio – ыңгайлануу) медицинада– көздүн алыс ж‑а жакын аралыктагы нерсени даана көрүүгө ыңгайлануусу. Жакын жердеги нерсени караганда көздүн А‑лык булчуңу жыйрылып, ошондон улам чечекейдин томпоюшу чоңоёт да, көздүн жарык нурун чагылтып сындыруу кубаты күчөйт. Жакын нерселерден келген жарык нурлары көздүн торчо кабыгындагы фокуска топтолуп, буюм даана көрүнөт. Ден соолугу таза, көзү соо адам 40‑45 жаштан өткөндөн кийин анын көзүндө А‑лык булчуңдун жыйрылышы ж‑а чечекейдин чоюлууга ийкемдүүлүгү начарлайт, жакынды даана көрө албай калат. Көздүн ар кандай кырсыкка учуроосунан, ага узакка күч келтирүүдөн (китепти көзгө жакын кармап көпкө окуган балдарга), өзгөчө жарык таасиринен А‑лык булчуң жыйрылган бойдон калышы мүмкүн. Мындай учурда көз жакынды жакшы, алысты начар көрөт. А‑нын начарлашын кадимки калыбына келтирүү үчүн, томпок линзалуу көз айнек кийүү сунуш кылынат.