АКИХИТО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(23. 12. 1933‑ж. т., Токио) – Япония­нын 125‑императору (1989–2019). Император Хирохитонун тун уулу. 1952‑ж. мураскор принц деп жарыяланган. 1956‑ж. Гакусюин ун‑тинин саясий илимдер ж‑а экономика

ф‑тин бүтүргөн, андан сырткары атасы сыяк­туу эле деңиз биологиясын изилдеген. А. ихтио­логия маселелери б‑ча илимий макалалардын, Япониянын балыктары ж‑дөгү эмгектин авто­ру. Линнейдин Лондон Коомунун (1986), лон­дондук Зоологиялык коомдун (1992) ж‑а Арген­тинанын Табигый илимдер изилдөө ин‑тунун (1997) ардактуу мүчөсү.