АКИНО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Корасон (25. 1. 1933, Паники, Тарлак провинциясы, Филиппин – 1. 8. 2009, ошол эле жерде) – Филиппиндин президенти (1986–92); өлкөнүн тарыхында аялдардан  чыккан би­ринчи президент. Аймактагы тектүү Кохуанг­конун тукумдарынан. Филиппиндин мамл. ж‑а саясий ишмери, сенатор Акино Бенингонун (1932–83) жубайы. 1986‑ж. февраль айында Манил ш‑ндагы Ф. Маркостун диктатурасына каршы чыгып, анын кулашына алып келген массалык акциялардын натыйжасында бийлик­ке келген. 1987‑ж. демокр. конституция (азыр­кы күндө да күчүндө) кабыл алынган. Башка­руунун алгачкы жылдары А. «диктатуранын курмандыгы, демократиянын сактоочусу» ката­ры белгилүү болгон. Экономиканы модерниза­циялоо, жакырчылыкка ж‑а коррупцияга кар­шы күрөшкө багытталган иш‑чараларды жүр­гүзгөн. Башкаруу элитасынын ж‑а оппозиция­нын ич ара карама‑каршылыктарынын күчө­шүнөн улам анын жүргүзгөн саясаты натыйжа­луу болгон эмгек. Буга карабастан А. мөөнөтү аяк­таганча мамлекетти башкарьш, бийликти демокр. жол м‑н жаңы президентке өткөрүп берген.