АКИЕВА Гүлдана
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
Гүлдана Салмоорбековна (9. 10. 1957ж. т., Фрунзе) – педагог, педагогика илимд. доктору (1997), проф. (2002). В. И. Ленин атн. Москва пед. ин‑тунун дефектология ф‑тин бүтүргөн (1980). А‑нын «Кыргыз Республикасында аномалиялуу балдарды окутуу, тарбиялоо системасын өнүктүрүүнүн тарыхы» (1920‑90), «Педагогиканын кээ бир жалпы маселелери» , «Кыргызстанда окуучулардын ден‑соолугун коргоо системасы» (1996), «Кыргызстанда окуучулардын ден‑соолугун коргоо системаларынын натыйжалуулугун арттыруунун педагогикалык негиздери» (1997) ж. б. эмгектери бар.