АКЕНЕЕВ
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
Жумакадыр (22.1.1954‑ж. т., ЫсыкКөл обл., Тоң р‑ну, Улахол совхозу) – экономист, экономика илимд. доктору (1998), КРдин эмг. сиң. экономисти (1996). Фрунзедеги политех. ин‑тун бүтүргөн (1976). Ошол эле ин‑тта окутуучу, айыл чарба экономикасынын ИИИнда сектор башчы, КРдин Улуттук статкомитетинин председатели, КРдин Айыл жана суу чарба министри, 2002‑жылдан КМУУнун профессору. Айыл чарба экономикасын изилдөө б‑ча адис. 70тен ашуун ил. иштери жарыяланган. Негизги эмгектери сугат жерлерди үнөмдүү, натыйжалуу пайдалануу ж‑а рынок экономикасынын маселелерине арналган.
Эмг.: Проблемы рационального использования орошаемых земель. Б., 1997.