АК-ДӨБӨ I ШААР КАЛДЫГЫ
Jump to navigation
Jump to search
– 7–12‑к‑га таандык археол. эстелик. Бакай‑Ата р‑ндагы АкДөбө кыштагына жакын Үрмарал суусунун оң өйүзүндө, Тараз‑Талас автожолунан 75 км аралыкта жайгашкан. Шаар калдыгы үч бөлүктөн: сепил (цитадель), шахристан ж‑а рабаттан турат. Шахристан 6 бурчтуу формада болуп, жалпы уз. 1080 м. Ал дубал чеп м‑н коргондолуп, мунаралар м‑н бекемделген. Сакталып калган дубалдын бийикт. 2,5 м. Шаарга түн. жагындагы дарбаза аркылуу киришкен. Дарбазалардын жанында мунаралар тургузулган. Сепил шахристандын чыгыш тарабында жайгашып, айланасы турак жайлар м‑н курчалган. Айрыкча шаардын чыгыш тарабында көп турак жай курулуштары орун алган. Шахристанды айланта калк жашаган рабат жайгашкан. Археол. казууда чийки кыштан тургузулган имарат урандылары, чарбалык маанидеги курулуштар ачылган. Темир эритүүчү мештин ж‑а металл калдыктары, чопо казан, кумура, жыгач аяктар, бычак, мал сөөктөрү табылган. Карала идиштери оймо‑чиймеленип, сыр м‑н кооздолгон.
А. ш. к‑н о. кылымга тиешелүү жазма булактардагы Кул ш‑нын орду м‑н байланыштырышат. В. В. Бартольд, М. Е. Массон, А. Н. Бернштам тарабынан изилденген.
М. И. Москалёв.