АК-ДӨБӨ ШААР КАЛДЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– 9–12‑к‑га таан­дык археол. эстелик. Чүй обл‑нун Москва р‑нун­дагы Степинское айылынын түн. тарабында, Ак­Суунун жээгиндеги аянтчада жайгашкан. Ал ас­кер ж‑а бийлик ордосу турган шаар болгон. Шаардын негизги бөлүгү Ак‑Суунун сол өйүзүндө жайгашып, 7500 м2 аянтты ээлейт. Сырткы дубалынын уз. 15 км, бийикт. 3‑3,5 м, калыңдыгы 18‑20 м. Дубалдын сырткы айланасы 10 м жазылыкта казылган аңгектер ж‑а жал тосмолору м‑н бекемделген. А. ш. к‑нын борб. бөлүгүнүн маданий катмарынын калыңдыгы 1,5 мди түзгөн. Ал жерде көптөгөн турак жайлар жай­гашкан. Темир бычак, жаа, жебе, көркөм кооздук буюмдарынын калдыктары табылган. А. Н. Бернштам, Н. П. Кожемяко, о. эле 1974‑ж. Казак мамл. ун‑тинин окумуштуусу У. X. Шалекенов тарабынан изилденген.
М. И. Москалёв.