АК-ДӨБӨ - Жети-Өгүз районундагы кыштак

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– Ысык‑Көл обл‑нун Жети‑Өгүз р‑н­дагы кыштак. Ак‑Дөбө айыл аймагына караш­туу. Ысык‑Көл өрөөнүнүн түш. чыгышында, Оргочор дөңсөөсүнүн чыгыш этегиндеги түздүктө, деңиз деңг. 1690 м бийиктикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Кызыл‑Суу кыш‑нан 20 км түн.-чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол бекетинен 208 км. Калкы 1179 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, бала бакча, ФАП бар.