АК-БОСОГО
Jump to navigation
Jump to search
– Ош обл‑нун Алай р‑ндагы кыштак. Үч‑Дөбө айыл аймагына караштуу. Ош – Хорог автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыш‑нан 81 км түш. тарапта. Ош темир жол бекетинен 163 км. Деңиз деңг. 2818 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1301 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП бар.