АК-БЕШИМ шаар калдыгы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– 6–12‑к‑дарга таандык, Токмок ш‑нан 6 км түш.-батыш тараптан орун алган ири шаар калдыгы. Шаардын борб. бөлүгү се­пил м‑н шахристандан турган, алардын дубал­дары калың келип, мунаралар м‑н чыңдалган. Шаардын борб. туташ жайгашкан аймакта кол өнөрчүлүк, соода, дыйканчылык м‑н кесиптен­ген шаардыктардын үйлөрү болгон. Бул аймак жалпы уз. 16 км келген дубал м‑н курчалган. Негизинен турак жай имараттарынын калдык­тары, тиричилик шаймандары, тыйындар, иск­во жасалгалары (айкел, алтын жалатылып көркөмдөлгөн буюмдар), о. эле шахристандын түш. тарабында жайгашкан 6–8‑к‑га таандык эки будда храмынан (8‑к‑дын акырына чейин Буддизм өкүм сүргөн) арх‑ра, скульптура, сүрөт, курулуш техникасына тиешелүү бай материал­дар табылган. Табылгаларда О. Азия м‑н Чы-
1. Ак-Бешимдин сырткы көрүнүшү (реконструкция) 6-8-к.;.
2. Планы

гыш Түркстандын мад‑тына таандык окшош­туктар болуп, бул Улуу Жибек жолунун ролун айкындайт. Изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү А-Бди 6–10‑к‑да Батыш Түрк, Түргөш ж‑а Карлук ка­гандыктарынын борбору болгон Суйаб ш‑нын калдыгы деп эсептешет. Археол. казууларды А. Н. Бернштам (1938–39), П. Н. Кожемяко (1953), Л. Р. Кызласов (1953–55, 1958), 1996­98‑ж. Кыргыз УИА Санкт‑Петербург чыгыш таануучулары м‑н бирдикте казуу жүргүзүшкөн. А. мамл. корукка алынган.
Ад.: Бернштам А. Н. Түндүк Кыргызстандын археологиялык очерки. Ф., 1941; Кызласов Л. Р. Ак‑Бешимдин урандыларында 1953–54‑ж‑да жүргүзүлгөн археологиялык чалгындоолор. Кыргызстандын археологиялык‑этнографиялык экспедициясынын эмгектери. II том. М., 1959.