АКАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(Acacia) – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумундагы уруусу. Дарак, бадал, чанда лиа­налар. Жалбырагы татаал, кош канат сымал, көп учурда учтуу же узун тикенектери өсөт. Гүлү сары, майда, анча чоң эмес башча топ гүлү та­таал шыпыргы топ гүлчө чогулган. Мөмөсү көп уруктуу чанак. Анын 10ООден ашык түрү Афри­ка, Азия, Америка ж‑а Австралиянын кургак­чыл р‑ндорунда таралган. Көп түрлөрү баалуу жыгач. Сенегал А‑сы – медицинада колдону­луучу гумми‑арабиктин жогорку сортун алууда чийки зат. Россиянын Кара деңиз жээктеринде кара жыгачтуу А. жашылдандыруу үчүн өстү­рүлөт. Айрымдары танниддерге бай келип, бул­гаары ийлөөдө, сапаттуу сөңгөгү эмерек, кагаз жасоодо колдонулат. Кырг‑нда 3 түрү (ак, сары, кумдак А.) өстүрүлөт.