АЙВАЗОВСКИЙ, Иван Константинович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:31, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (Created page with " Гайвазовский Иван<br> (Ованес) Константинович [17 (29). 7. 1817, Фео- thumb | none досия...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Гайвазовский Иван

(Ованес) Константинович [17 (29). 7. 1817, Фео-

АЙВАЗОВСКИЙ45.png

досия – 19. 4 (2. 5). 1900, ошол эле жерде] – орус сү­рөтчүсү, деңиз пейзажынын чебери. 1833‑37‑ж. Петер бург сүрөт академиясында окуган. 1844‑жылдан Баш кы деңиз штабынын сүрөт­чүсү. 1845‑жылдан Феодо­сияда жашап, өзүнүн өнөр­канасында сабак берген (1986) ж‑а сүрөт галереясын
негиздеген (1880). 1845‑ж. академик, 1847‑ж. проф., 1887‑ж. Сүрөт академиясынын ардактуу мүчөсү, европ. бир нече сүрөт академиясына мүчө болуп шайланган. Алгачкы иштеринде А. өзүнүн окутуучуларынын салтын улантып, «Петербур­гдун чет жакасындагы деңиз жээгинин көрү­нүшү» (1835) деген сүрөтүн тарткан. 1840‑ж. өз мезгилинин эң көрүнүктүү маринисти деген ев­ропалык атакка ээ болгон. Аны замандаштары К. П. Брюллов, В. Д. Жуковский, У. Тёрнер жо­гору баалашкан. Сүрөтчү 1836‑ж. А. С. Пушкин

И. К. Айвазовский. «Тогузунчу вал». 1850. Орус му­зейи. Ленинград.

м-н таанышып, ага бир катар картиналарын арнаган. А-дин бүткүл өмүрүндөгү иск-восунун негизги темасы дайым өзгөрүлмөлүү, каардуу деңиз болуп кала берген. Чыгармалары талкаланган кемелердеги деңиздин толкуну м-н күрөшкөн адамдарды романтикалык эффектте чагылтып, таасирлүү эргүүнү пайда кылат. «Тогузунчу вал» (1850), «Чесмен согушу», «Наваррин согушу» (1848), «Кара деңиз» (1881), «Толкундар ара- сында» (1898) деген шедеврлердин, о. эле 6 миңге жакын картина, сүрөт ж-а акварелдин автору. Ад.: Пилипенко В. Н. Айвазовский И. К. М., 1980.