АКРИДИН
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
C13H9N – ачык сары кристалл, дүүлүктүргүч жыттуу, ароматтык касиетке ээ орг. бирикме. Мол. м. 179,22, б. эрүү 1111°С, кайноо
t 346°С. Жеңил бууланат (сублимацияланат). Көпчүлүк орг. эриткичтерде жакшы, сууда начар эрийт. А. начар негиз болгондуктан күчтүү минералдык к‑талар м‑н туз пайда кылат. Орун алмашуу реакциясына кыйындык м‑н кирет. А. таш көмүр чайырында кезигет, дифениламинди кумурска же козу кулак к‑талары м‑н конденсациялоодон, акридонду калыбына келтирүүдөн алынат. Ал металлды дат басуудан сактоодо, баалуу боек, дары‑дармек алууда колдонулат.