«АК РЕВОЛЮЦИЯ»
– өлкөнү модернизациялоо максатында Иран шахы Мохаммед Реза Пехлеви тарабынан жүргүзүлгөн реформалар.
Реформалар өлкөнүн өнөр жайын, а. ч., билим берүү тармагын ж‑а саламаттыкты сактоону өнүктүрүүгө багытталган. Иранда батыш жашоо мүнөзүн коомдук турмушка киргизүү аракеттери көрүлүп, аялдарга шайлоого катышуу укугу берилген. Реформалар Ирандын өнүгүүсүнө чоң таасир тийгизип, мамлекеттин эсебинен көптөгөн жаңы шаарлар, өнөр жай ишканалары курулган, билим берүү ж‑а саламаттык сактоонун жаңы системалары киргизилген. Бирок реформалар бардык тармактарда эле оң жыйынтык берген эмес. Агрардык өлкө болуп келген Ирандагы негизги товар өндүрүүчүлөр жер ээлеринин чарбаларын жоюунун натыйжасында мамлекет азык‑түлүк продукциясын импорттоого муктаж болгон. Жаңыдан өсүп келаткан өнөр жай тармагы тез темпте өсүп жаткан калктын таламдарын канааттандырууга жетишкен эмес. Өлкөдөгү коррупциянын ж‑а авторитардык башкаруунун күчөшү, нефтини сатуудан түшкөн зор каражаттардын уурдалышы, жумушсуздук ж‑а шах сарайындагы эбегейсиз байгер жашоо элдин нааразылыгын күчөткөн. 70‑ж. аягында өлкөнү батыш жолу м‑н модернизациялоого каршы болуп келген мусулман диний башчылары ж‑а либералдык‑демокр. топтор шахтык режимге каршы оппозицияга биригишкен. Натыйжада 1979‑ж. Иран революциясы жеңип чыгып, шах Мохаммед Реза Пехлеви бийликтен баш тартууга ж‑а өлкөнү таштап кетүүгө аргасыз болгон.
Ад.: Васильев Л. С. История Востока, т. 2. М., 1970; Новейшая история стран Азии и Африки XX век 1945‑2000. М., 2001.
А. Орозов.