АК ӨГҮЗ МӨҢГҮСҮ
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Борб. Теңир‑Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Какшаал кырка тоосунун түн. капталынан башталган Жаңгарт суусунун алабында жайгашкан. Уз. 7,4 км, аянты 20,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5148 м, этеги 3730 м бийиктикте жатат. Мөңгү аркылуу аты уйкаш ашуу өтөт. Этеги 1943–62‑ж. 500 мге чегинген. Мөңгүдөн агып чыккан суу Жаңгарт суусуна оң жактан куят.