АК КУУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(Суgnus) – каз сымалдар түркүмү­нүн өрдөктөр тукумундагы уруу. Өңү демейде ак. Уз. 150 cjnre чейин, моюнунун узундугу денеси­нин узундугуна барабар же андан да ашат. Чум­кушпайт, суу түбүндөгү жемине жете турган суусу тайыз жерлерди байырлайт. А. к‑дын 6 түрү, а. и. КМШ өлкөлөрүнүн аймактарында 3 түрү (ышылдак, куркулдак куу ж‑а кидик куу) кездешет. Ал кооз куш, анын кара түстөгү тү­рү- кара куу (С. atrata) да бар. Кара куунун мекени – Австралия, Тасмания ж. б. Экиден жупташып, көп жыл бою жашашат. Уясына 2–5 жумуртка тууп, аларды эркеги м‑н ургаачы­сы алмак‑салмак басып чыгарат. Өсүмдүк м‑н азыктанат. Аларга аңчылык кылууга тыюу са­лынган. Кырг‑нда ышылдак ж‑а куркулдак куулар Кызыл китепке катталган.