АККАД ТИЛИ
Jump to navigation
Jump to search
(вавилон‑ассирия, ассирия‑вавилон тили) – семит тилдеринин бири. Месопотамиянын ж‑а Ассирия (азыркы Ирак) элдеринин байыркы тили. Диахрондук ж‑а аймактык жактан бир топ диалектилерге бөлүнөт. Эки адабий формага ээ: эски вавилон (б. з. ч. 2‑миң жылдыктын ортосунан бери) ж‑а жаңы вавилон (б. з. ч. 2‑миң жылдыктын ортосуна чейин). Жазмасы – муундук клинопись. Эң байыркы жазма эстеликтери б. з. ч. 25‑к‑га, кийинкилери б. з. ч. 1‑к‑га таандык.