АКИТАШ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– акиташ, карбонат тоотектерин бышыруудан алынган ак түстөгү зат. Тыгызды­гы 3,4 г/см3. А‑тын суудагы эритмеси акиташ суусу деп аталат. Ал жегичтик касиетке ээ. Аба ж‑а гидравликалык А. болуп айырмаланат. Аба А‑ы табигый кальций‑магний карбонат текте­рин шахта, айланып туруучу мештерде 1000­1200°Сде бышыруудан алынат. Негизинен СаО ж‑а MgOflOH турат. Курулуш ишинде, хим. өнөр жай, металлургияда, кант, тери иштетүүдө, а. ч‑нда, сууну тазалоодо ж. б. кеңири колдону­лат. Гидравликалык А. карбонат тектерин күйгүзүүдөн (900‑1100°С) алынат. Курамы СаО, MgO, алюминат ж‑а кальций ферратынан ту­рат. Гидравликалык А. аба А‑ына караганда тех. касиети б‑ча жаратылыштын ар кандай татаал шарттарына чыдамдуу.