АКИНАК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(гр. akinakes – кыска) – темирден жа­салган түз, кош миздүү, кыска кылыч. Б. з. ч. 1‑миң жылдыктын орто ченинде перс ж‑а сак
АКИНАК41.png

жоокерлери кол­донгон. Анын уз. 40–60 см. Сабы колго кармоого ылайыктуу ж‑а ага манжаларды сактоо үчүн жалпак калканчтар жасалган. Са­бынын учу жүрөк, жарым ай ж‑а жаныбарлар­дын элеси түшүрүлгөн сүрөттөр м‑н кооздолгон. Кеч сак ж‑а усун доорунда темирден жасала баш­таган. Кырг‑нда сабынын бетине бугу, теке сөлөкөттүү оюу түшүрүлгөн A‑тар табылган.
О. А. Солтобаев.